“Тунгуч” кичи районундагы бала бакча жазында бөбөктөрдү кабыл ала баштайт

“Тунгуч” кичи районундагы бала бакча жазында бөбөктөрдү кабыл ала баштайт.

Бул тууралуу аталган бала бакчанын кызматкери Миргүл Орозалиева

novosti.kg ге билдирет. Анын айтымында, мектепке чейинки даярдоо мекемеси

140 орунга ылайыкташкан. Ал 2 кабаттан болуп, 5 тайпага чакталды.

Андан тышкары гимнастикалык көнүгүүлөр үчүн жана музыкалык залдар бар.

Учурда имараттын ички курулушу толугу менен аяктады.

Сырткы оюн аянтчасынын моделдик курулушу жүрүп жатат.

Ошондой эле эмеректерге буйрутма берилген, жакынкы арада алар орнотулат, — деди Орозалиева.

Белгилеп кетсек, бакчанын курулушуна жалпысынан 44 миллион сом жумшалды.

Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү.