Кайра өтө турган шайлоого катышууну каалагандардын саны көбөйүүдө.
БШКнын маалыматына караганда, Биринчи май жана Свердлов округдары боюнча
41 талапкерден билдирме түштү. Бир мандаттуу округ боюнча депутаттыкка
талапкерлерди көрсөтүү 27-январда аяктайт. Документтер БШКга 30-январга
чейин берилиши керек. Эске салсак, 28-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин
депутаттарын шайлоодо аталган 2 округда баарына каршы графасы
алдыга озуп кеткендиктен 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.