Бишкектин батыш тарабында 15-мартта таза суу болбойт

Бишкектин батыш тарабында 15-мартта таза суу болбойт.

“Бишкексууканал” ишканасынын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин Абакан, Кустанай, Волковая көчөлөрү жана темир жол линиясы менен чектешкен аймак суусуз калат.

Таза суу «Киркомстром» суу алгычында жана шаардагы суу түтүктөрүндө оңдоо иштерге байланыштуу өчүрүлөт.