Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды

Лейлек районунда күйүүчү май тартыштыгы жөнгө салынды.

Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда аймакта күйүүчү майдын жалпы запасы 800 миң литрди түзөт.

Акыркы эки күн ичинде Исфанадагы тартыштык орун алган май куюучу жайларга, күйүүчү май жеткирилди.

Учурда аталган жайларда кезек күткөн унаалар жок, бензин 45 сом 50 тыйындан сатылууда.

Белгилеп кетсек, буга чейин Лейлек районундагы айдоочулар май куюучу жайларда

узун кезек жаралып, анда бензин жок экени жарыяланган.