Ушул күндөрү айдоочуларга рулда өтө этият болуу сунушталат.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, айрыкча, тоолуу райондорго сапарга чыкчулар сак болуусу керек.
Ведомстводон белгилешкендей, 15-мартка чейин Бишкек — Ош, Ала-Бука — Каныш-Кыя, Красная-Горка — Ак-Таш, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу, Казарман — Актал-Чат жана Каракол — Эңилчек жолдорунда кар жаап, кар көчкү түшөт.
Бул маршруттар боюнча айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метр аралыкты так сактоосу зарыл.