Өлкөдө сом бардык негизги валюталарга карата арзандады

Өлкөдө сом бардык негизги валюталарга карата арзандады.

Улуттук банк 12-марттан тарта доллардын сомго карата расмий курсун 104 сом 98 тыйын деп белгиледи.

Бир сутка ичинде АКШ доллары 1,8 пайызга кымбаттады.

Валюта курсунун жогорулашы, ошого жараша сомдун арзандашы башка негизги чет элдик валюталарда да болду.

Ошентип, евронун сомго карата курсу 1,3 пайызга жогорулап, 115 сом 23 тыйынды түздү.

Рублдин расмий курсу 1,8 пайызга өссө, казак теңгеси 1,5 пайызга көтөрүлүп 21 тыйын болду.