Бишкектин бир бөлүгүндө эртең ысык суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең ысык суу өчүрүлөт. “Бишкек жылуулук энерго” муниципалдык ишканасынын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин ысык суу Курчатов, бакаев, Ахунбаев, Грибоедов, Тыналиев көчөлөрүндө, Жал кичи районунда жок болот.

 

Убактылуу чектөөлөр буу казанда оңдоо иштерине байланыштуу.