Кыргызстанда Бишкек — Москва багыты боюнча туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлдү

Кыргызстанда Бишкек — Москва багыты боюнча туруктуу авиакаттамдар көбөйтүлдү. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады. Каттамдарды эки авиакомпания аптасына үч ирет жүргүзүп жатат.

 

Кыргызстандыктар, мындан сырткары, чартердик, анын ичинде башка багыттагы авиакаттамдар менен да учуп кете алышат. Бул үчүн бир катар негиздемелер керек. Алсак, Россияда жакын туугандары жашаса, дарылануу үчүн, камкорлукка муктаж туугандарын багуу үчүн баруу.