Ош шаарында таза суу көйгөйү чечилет

 

Ош шаарында таза суу көйгөйү чечилет.

Түштүк калаа мэриясынын маалыматына ылайык, маселени чечүүгө багытталган долбоор

2022-жылы башталат жана ал көйгөйдү 80 пайызга чечүүгө жардам берет. Азия өнүктүрүү банкы

суу тосмону 2 чакырым жогору аймакка жылдырууга 3 миллион доллар бөлүп берет.

Мэриядан кошумчалашкандай, бир жылда калкка таза суу берүү тосмону сел бузуп

кеткендиктен жана резервуардагы суунун булганышынан 10 ирет үзгүлтүккө учурайт. Андан улам, “Ош суу канал” ишканасы жашоочуларга водовоз менен суу ташып берүүгө аргасыз.