Бишкекте карантиндик режимди көзөмөлдөө күчөтүлөт.
Тиешелүү буйрукту биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов
Ички иштер министрлигине берди. Ал белгилегендей, май айынан баштап
жарандар эч себепсиз эле көчөгө көп чыга башташты. Айрым ишмердүүлүктүн
жанданышы карантин бүттү дегенди түшүндүрбөйт, — деди Боронов.
Бир катар шаар жана райондордо өзгөчө абал режими күчүндө.
Мындан улам айдоочуларга жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылына чектөө улантылат.