Бишкектин бир районунда 5 күнгө газ жок болот.
“Газпром Кыргызстан” ишканасынан билдиришкендей,
1-ноябрдан 5ине чейин Ылдыйкы Жал кичи району,
Тынчтык проспектиси, Дооронбек Садырбаев, Гагарин,
Пожарский, Медеров, Абай, Ахунбаев, Таш-Көмүр,
Ажыбек баатыр көчөлөрүндө көгүлтүр от жок болот
Убактылуу чектөөлөр Токтоналиев-Жаманбаев
көчөлөрүндөгү айрым жашоочуларды газга
туташтыруу иштерине байланыштуу.