Бишкекке Иорданиядан 5 кыргыз жараны алып келинди

Чет өлкөдө жүргөн мекендештерди өлкөгө алып келүү иштери улантылууда. 17-майда Казакстандын көмөгү менен Бишкек шаарына 5 Кыргыз жараны Иорданиядан алып келинди. Маалыматты өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

 

«Мекенге кайткан жарандар чартердик каттам менен Алматы шаарындагы эл аралык аэропортуна келишти. Андан кийин алар атайын транспорт менен Бишкекке алып келинди. 5 жаран тең обсервацияга жайгаштырылды. Учурда дүйнөнүн ар кайсы мамлекеттеринде жүргөн мекендештерди өлкөгө алып келүү боюнча маршрут издөө иштери улантылууда», — деп айтылат маалыматта.