30-октябрдан тарта акыркы жылдар ичиндеги күчтүү магниттик бороон башталат.
Бул тууралуу Россиянын илимдер академиясынын Физикалык институту жарыялады.
Алдын ала маалыматтар боюнча, бороондун эң күчтүү учурунда магниттик толкундар
5 баллга жетет. Алгачкы толкундар жерге 30-октябрь, бүгүн саат 1де башталат.
Жалпы Жер жүзүн каптоочу магниттик толкун эки суткага созулат. Адистердин
айтымында, магниттик бороон учурунда көп адамдын мууну, башы ооруп,
өзүн жаман сезип, уйкусу качышы ыктымал.