Партияларга съезддерин кадимки форматта өткөрүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес

Партияларга съезддерин кадимки форматта өткөрүүгө түздөн-түз тыюу салынган эмес. Бирок, Республикалык штабдын сунуштары бар, — деди novosti.kgге Боршайкомдун төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов.

 

Анын айтымында, имаратта 50дөн ашык адамды чогултуу болбойт, ошондой эле, аралыкты сактап, башка санитардык нормаларды кармануу керек. Анын ортосунда, БШК техникалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен партияларга съезддерин жана үгүт иштерин онлайн өткөрүүнү сунуштайт.

 

Андан тышкары, 220 ММК субъекти каттоодон өттү, аларды саясий партиялар үгүт аянтчасы катары пайдалана алат.