Ат-Башыга логистикалык борбор курулбайт

Ат-Башыга логистикалык борбор курулбайт.

Бул тууралуу «Нарын» эркин экономикалык аймагынын башкы директору

Артур Байтереков билдирди. Анын айтымында, борборду кура турган

компания долбоорду жабуу чечимин кабыл алды. Буга байланыштуу

200 гектар жерди 49 жылга ижарага берүү келишими жокко чыгарылды.

Логистикалык борбордун курулушунун жүрүшүндө жана ал иштеп баштаганда

орто эсеп менен 15 миң адамдын жумуш орду камсыз болмок. Ал эми

долбоордун сметалык баасы — 280 миллион долларды түзгөн. Эске салсак,

Ат-Башы районундагы администрациянын алдына жүздөгөн адам чогулуп,

аталган аймакка логистикалык борбордун курулушуна каршы экенин билдиришкен.