Бишкектин борбордук бөлүгү маршруттук таксилерден кийинки жылдын ортосунда тазаланат

Бишкектин борбордук бөлүгү маршруттук таксилерден кийинки жылдын ортосунда тазаланат. Бул тууралуу Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдирди.

 

Анын айтымында, алардын ордуна жүргүнчүлөрдү газ менен жүрүүчү автобустар, электробустар жана троллейбустар ташыйт. Маршруттук таксилердин айдоочулары жумушсуз калбайт, алар үчүн жаңы конуштарга барчу каттамдарды түзүү пландалууда, — деди Нусувалиев.