Бишкекте кийинки жумадан тарта мектеп автобустары иштеп баштайт

Бишкекте кийинки жумадан тарта мектеп автобустары иштеп баштайт. Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиевдин айтымында, долбоор сыноо иретинде ишке ашып жаткандыктан, азырынча эки гана автобус линияга чыгат.

 

Тестирлөө 2-3 айга созулат, андан кийин мэрия тиешелүү чечим кабыл алат.  Нусувалиев белгилегендей, шаар бийлиги жаңычылдыктын пайдалуулугун караштырып чыгышы керек. Эгер долбоор пайдалуу болсо, анда атайын автобустар сатылып алынат.

 

Мектеп автобустарындагы жол кире тарифи азырынча талкууланып жатат.