Чүй облусунун бир катар айылдарында таза суу менен камсыздоо жакшыртылат

Чүй облусунун бир катар айылдарында таза суу менен камсыздоо жакшыртылат. Курулуш иштерине тендерди аймактык капиталдык курулуш башкармалыгы жарыялады. Долбоорлорду ишке ашырууга 180 миллион сом бөлүнөт.

 

Аткаруучу компания бул суммага Москва районундагы Мураке, Ак-Торпок, Чоң-Арык айылдарын тазаа суу менен камсыздайт. Экинчи этап менен Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылы камтылат.