Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлүп берет

Германия Кыргызстанга 4,5 миллион евро бөлүп берет. Каражат кайтарымсыз негизде тапшырылат, — деп билдирди Экономика министринин орун басары Канатбек Абдрахманов.

 

Анын айтымында, каражат Бишкекте перинаталдык борбордун жана кургак учук ооруканасынын курулушуна жана Ош, Таласта перинаталдык борборлордун курулушуна багытталат.

 

Парламенттин социалдык саясат боюнча комитети Германия жана министрлер кабинетинин ортосундагы келишимди жактырды.