Саламаттыкты сактоо министрлиги ботулизмди алдын алуу эрежелери тууралуу эскертет

Саламаттыкты сактоо министрлиги ботулизмди алдын алуу эрежелери тууралуу эскертет. Адатта кыш келгендер жарандар косервацияланган азыктарын жеп баштайт.

 

Бул учурда жөн эле туздалган азык менен банка ден-соолукка, айрым учурда өмүргө чоң зыян келтире турганын унутпаш керек. Үй шарттарында герметикалык жабылган банкаларга эт, балык, козу карын, укроп, сабиз жана кызыл кызылчадан консерва жазабаш керек.

 

Анткени бул азыктарды ботулизм оорусун жайылтуучу майда бөлүкчөлөрдөн толугу менен тазалоо мүмкүн эмес. Дарттын алгачкы белгилеринен дароо “тез жардам” кызматын чакыруу зарыл.