Мугалимдер, дарыгерлер, артисттер, окумуштуулар, юристтер жана чиновниктер Сооронбай Жээнбековдун колунан мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Республиканын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий өнүгүшүнө салымын кошкон кыргызстандыктарды сыйлоо боюнча жарлыкка жаңы жлыдын алдында, 30-декабрда кол коюлган.
Жалпысынан, тизмеге 100дөн ашуун адам кирди.
Өзгөчө белгиленгендерге үчүнчү даражадагы “Манас” ордени, “Даңк” ордени, “Даңк” медалы жана ардак грамоталар тапшырылды.