Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан үрөйдү учурган 3 кабаттуу  имараттын сырты оңдолот

Бишкектин Киев көчөсүндө жайгашкан үрөйдү учурган 3 кабаттуу  имараттын сырты оңдолот. Бул тууралуу Биринчи май районунун акими Максат Нусувалиев билдирди.

 

Анын айтымында, райондун администрациясы ремонттук иштерди каржылоого даяр демөөрчүлөрдү таба алды. Имараттын маңдайкы бөлүгүн калыбына келтирүү жакынкы арада башталат.

 

Эске салсак, мекеменин сырткы жасалгасы бир нече жыл мурда түшүп калган. Шанхай кызматташтык уюмунун саммити алдында мэрия анын маңдайкы бөлүгүн жасалма фасад менен жашырууга аргасыз болгон.