Бишкеткин чек арасы эки багытта кеңейтилет

 

Бишкеткин чек арасы эки багытта кеңейтилет. Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жарыялады. Анын айтымында, генпланга ылайык, Бишкектин курамына Аламүдүн жана Сокулук райондорунун айрым конуштары кошулат. Муну менен ордо калаанын аймагы кыйла чоңоет.

 

Түлөбаев белгилегендей, Бишкекти кеңейтүү боюнча иштер 2025-жылга чейин аякташы керек, бирок учурда шаар бийлиги өкмөт менен процессти тездетүү тууралуу сүйлөшүүдө.