Бишкектин коомдук транспортунда мектеп окуучулары үчүн эч кандай жеңилдиктер берилбейт

Бишкектин коомдук транспортунда мектеп окуучулары үчүн эч кандай жеңилдиктер берилбейт. Бул тууралуу novosti.kgге Бишкек шаардык кеңешинен билдиришти. Андан такташкандай, 1-ноябрдан тарта бардык окуучулар маршруттук таксилерде жана автобус, троллейбустарда жаңы тариф менен жүрүшөт.

 

Жол кире   7 жашка чейинки балдардан гана алынбайт.

 

Эске салсак, 1-ноябрдан тарта Бишкектин коомдук транспортунда жаңы тарифтер күчүнө кирет. Автобус, троллейбустарда жол кире 11 сомду түзсө, маршруттук таксилерде 15 сом.