Лейлек районунун Кулунду айылында бала бакчанын курулушу уланууда

Лейлек районунун Кулунду айылында бала бакчанын курулушу уланууда.

 

Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин маалыматына ылайык, объект 75 пайызга даяр болуп калды. Эки кабаттуу имарат 140 орунга чакталат.

 

Долбоорду ишке ашыруунун баасы 55 миллион сомду түзөт. Бала бакча ушул жылдын аягында бөбөктөрдү кабыл алып баштайт.