Ордо калаадагы павильондордун дизайны өзгөрөт

Ордо калаадагы павильондордун дизайны өзгөрөт.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда,

кеп, азырынча Москва көчөсүнүн боюндагы күркөлөр жөнүндө болуп жатат.

Дизайнерлер соода түйүндөрүнүн бир нече эскизин даярдап,

ишкерлерге сунушташты. Алар менен алдын ала келишим түзүлдү.

Учурда дизайндын түзүлүшү даяр. Күн жылыса эле соода

күркөлөрүнүн фасады бирдиктүү стилде жасала баштайт.