Бишкекте Чокморов көчөсүн калыбына келтирүү жанданды. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер анын Турусбеков-Үмөталиев тилкесинде аткарылып жатат. Анда асфальттын жаңы катмары төшөлүп, тротуарлар дагы курулат.
Белгилеп кетсек, иштер буга чейин эле башталып, бирок пандемиядан улам токтотулган болчу.