Парламенттик шайлоолорго катыша турган партияларды жана талапкерлерди каттоо 29-октябрга чейин созулат

Парламенттик шайлоолорго катыша турган партияларды жана талапкерлерди каттоо 29-октябрга чейин созулат. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржайн Шайлдабекова билдирди.

 

Анын айтымында, учурга карата документтердин толук токтомун 21 саясий уюм жана 337 бир мандаттуу талапкерлер тапшырды. Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо 28-ноябрда өтөт.

 

Добуш берүү аралаш система менен өтөт.