Өкмөт үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча планды бекитти. Анын ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, зомбулуктун жагдайларын аныктоо сыяктуу чаралар бар.
Ошондой эле үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алууга, мамлекеттик кризистик борборлорду түзүүгө бөлүнгөн каражатты көбөйтүү каралууда. Бул иш-чараларды аткаруу Башкы прокуратурага, Жогорку сотко, Эмгек жана социалдык өнүгүү, Ички иштер, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү, Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине жана жергиликтүү бийликке тапшырылды.