Бишкектин мурдагы башкы архитектору кармалды

Бишкектин башкы архитектура мекемесинин мурдагы жетекчиси жемкорлукка шектелип кармалганын 1-июлда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди.

 

Комитеттин маалыматына караганда, борбор калаанын мурдагы башкы архитектору (кыскартылган аты-жөнү А.К.К.) «Бишкекбашкыархитектура» башкармалыгын жетектеп турганда кызмат абалынан пайдаланып, жеке кызыкчылыктарын көздөп, мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген чечимдерди кабыл алып, Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдү жана административдик мекемелерди долбоорлоо жана куруу боюнча уруксат документтерин мыйзамсыз жаздырып берген деп шектелүүдө.

 

Мурдагы жетекчиге курулуш компаниялары менен жең ичинен сүйлөшүп алып иштеген деген айып тагылып жатканы, жер тилкесин рейдерлик басып алуу фактысы да аныкталганы кабарланды.

 

Атайын кызматтын тергөө абагына камакка алынган мурдагы башкы архитектордун ишине байланыштуу тергөө иштери уланып жатканы маалымдалды.

УКМК анын аты-жөнүн ачык жарыялаган жок. Айрым маалымат каражаттары кеп Канат Анарбеков тууралуу болуп жатканын жазышты. Анарбеков бул мекемени 2021-жылдын 15-июлунан быйылкы жылдын 23-июнуна чейин жетектеген.

 

Кылмышка шектелип жаткан мурдагы жетекчинин жактоочулары азырынча комментарий берише элек.

Дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун 2021-жылдагы рейтингинде Кыргызстан 144-орунду ээлеген. Бул 2020-жылга караганда 20 баскычка начар.