Экстремисттик топко таандык ири онлайн китепкана табылды

Лондондогу Стратегиялык диалог институту “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна (ИМ) таандык ири электрондук китепкананы таап чыкты. Бул тууралуу аталган институттун изилдөөчүлөрү Британиядагы BBC корпорациясына билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, “Халифаттын кэши” деген ат берилген бул китепканада 90 миңден ашык экстремисттик мүнөздөгү материалдар бар. Сайтка ай сайын 10 миң адам кирип турары белгилүү болду. Материалдардын баары бир серверде жайгашпаганы үчүн аларды дүйнөлүк желеден алып салуу кыйынчылык жаратууда.

Экстремисттик топко таандык деген электрондук китепканада тогуз тилдеги документтер, видеолор бар. Ошондой эле АКШда 2001-жылдын 11-сентябрында болгон террордук чабуул сыяктуу бир катар кол салуулар тууралуу да маалымат камтылган. Мындан тышкары “Ислам мамлекети” тобунун диний жана пропагандалык материалдары да сакталган.

 

Эксперттер бул онлайн китепкананы 2019-жылдын октябрь айында ИМ тобунун лидери Абу Бакр ал-Багдади өлтүрүлгөндөн көп өтпөй тапкан. Андан бери изилдөөчүлөр китепкана кандай башкарыларына, материалдарды кимдер ачып окуй турганына байкоо салып келишкен. Ага ылайык, электрондук китепкананы көбүнесе араб өлкөлөрүндөгү 18-24 жаштагы эркектер колдонору белгилүү болду.