Жалал-Абад шаарында кайрадан уулануу фактысы катталып, 14 адам ооруканага түштү

Жалал-Абад шаарында кайрадан уулануу фактысы катталып, 14 адам ооруканага түштү. Маалыматты Жалал-Абад райондор аралык оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Рома Ураимов тастыктады.
Анын айтымында, калаадагы Тадж-Махал тез татым даярдоочу жайынан тамактанган 14 адам ууланып ооруканага кайрылган. Алардын бири Өзгөн районунун жашоочусу жандандыруу бөлүмүндө жатат.
Эске салсак, 27-июнь күнү дагы «Ага-ини» тез татым даярдоочу жайынан тамак жеген 40 адам ууланган. Учурда алардын 28и ооруканада болсо, 12си үй шартында дарыланып жатышат. Тез татым жайы жабылып, ээсине 7,5 миң сом айып салынган.