Бишкектин район акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейтилди

Бишкектин район акимдеринин ыйгарым укуктары кеңейтилди. Тиешелүү токтомго ордо калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

 

Эми райондук администрациялар тышкы жарыктандыруу, ирригациялык системалар, жолдор, санитардык тазалоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана таштанды чыгаруу боюнча иштерге жооптуу болот.

 

Буга чейин бул функциялар Шаар чарбачылыгы департаментине тиешелүү болчу. Мындай чечим муниципалдык буйруктардын аткарылышын көзөмөлдөөнү жакшыртуу максатында кабыл алынды.