Бишкекте маршруттук такси айдоочуларынын иш таштоосу уланууда

Бишкекте маршруттук такси айдоочуларынын иш таштоосу уланууда.

Бүгүн каттамдарга болжолдуу түрдө айдоочулардын 60 пайызы гана чыкты.

Бул тууралуу мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев билдирет.

Муниципалитет учурда кайсы маршруттар ишин таштаганын аныктоо боюнча

анализ жүргүзүп жатат. Эгер кечке чейин алар жумушка кайтпаса, лицензиялары

тартылып алынып, башка фирмаларга берилет, — деп эскертти Түлөбаев.

Эске салсак, өткөн жуманын башында маршруттук таксилердин айдоочулары жол кирени

15 сомго кымбаттатууну суранышкан. Болбосо алар иш таштоого даяр экенин билдиришкен.

Муниципалитетте маселени карай турган жумушчу топ түзүлгөн