Бишкек мэриясы бүгүнтөн тартып жылуулук берүү маселесин карап жатат

Бишкек мэриясы бүгүнтөн тартып жылуулук берүү маселесин карап жатат.

Бул тууралуу муниципалитеттин Твиттер баракчасына жарыяланды.

Ушул жылы пандемияга байланыштуу, калаа тургундары үшүп, суук тийип калбашы маанилүү.

Андыктан, шаар бийлиги жылуулук берүүнү стандарттуу процедурадан тышкары баштоо ниетинде.

Негизинен, 5 күн катары менен абанын табы +8 градустан жогорулабаса гана үйлөргө жылуулук

бериле баштачу. Бирок, бул жолу коммуналдык кызматтар температуранын стандарттык режимин күтпөйт.