Кыргыз-тажик чек арасындагы апрель айындагы жаңжалда жабыркаган жана каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 37,5 миллион сом төлөндү.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинен билдиришти.
Ведомстводон белгилешкендей, министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, каза тапкандардын үй-бүлөлөрүнө 1 миллион сомдон берилсе, жабыркаган жарандарга алган жарааттарына жараша – 50 миңден 100 миң сомго чейин берилди. Каражат бир жолку каржылык колдоо көрсөтүү катары тапшырылды.