Бишкек шаарынын Сүйүмбаев көчөсүндө (мурдагы Карпинка) тез тамактануучу жайларды бузуу иштери аяктады.
Мэриянын маалыматына караганда, 3 күнгө созулган бузуу иштеринин алкагында 6 күркө алынды.
Белгилеп кетсек, көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти калыбына келтирүүнү, анын ичинде шаарды мыйзамсыз орнотулган объекттерден бошотууну улантууда.