Бишкекте соңку күндөрү Тез жардам кызматына чалуулардын саны кыскарууда.
Бул тууралуу Ыкчам медициналык жардам борборунун башчысы Искендер Шаяхметов билдирди.
Анын айтымында, өтүп кеткен сутка ичинде 103 номуруна 1 миң 667 чалуу келип түштү. Ал эми 29-июнда 5 миң 58 кайрылуу катталган. Мындай көрсөткүч ордо калаада күндүзгү стационарлар ачылганына байланыштуу болушу мүмкүн.