Чукул билдирүү!
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында сел жүрүү коркунучу тууралуу эскертти.
Ведомствонун маалыматына караганда, 26-29-март күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын райондорунда температуранын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу суу каптоо, дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү, тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Министрлик буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырат.