Балыкчы – Барскоон унаа жолун курууга канча каражат сарпталары айтылды.
Ысык-Көл облусунун Тоң райондук администрациясынын маалыматына ылайык,
долбоордун биринчи этабында тилкенин 25 чакырымы калыбына келтирилет.
Буга 798 миң доллар бөлүнүп берилди. Иштер Балыкчыдагы шакекчеден
Кара-Шаар айылына чейинки аралыкта жүргүзүлөт. Күтүлгөндөй,
жол 4 тилкелүү болот. Белгилеп кетсек, жалпысынан Балыкчы – Бөкөнбаев – Каракол
унаа жолунун 0дөн 141-чакырымына чейинки тилкесине асфальт төшөө пландалууда.