“Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” өкмөткө 34 долбоор сунуштады

“Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” өкмөткө 34 долбоор сунуштады.

Министрдлер кабинетинин маалыматына ылайык, анын ичинде 10у инфраструктуралык долбоор, 9у маалыматтык, ошондой эле туризм секторунун тутумун түзүү боюнча, ата мекендик туризм индустриясын жакшыртууга жана тармакка инвестиция тартууга багытталган ченемдик укуктук базаны өнүктүрүүгө байланышкан долбоорлор бар.

Белгилеп кетсек, уставдык капиталы 1 миллиард сомду түзгөн “Туризмдү өнүктүрүүнү колдоо фонду” 17-мартта түзүлгөн.

Ал ички туризмди өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашыруу менен алектенет.