Бишкекте 11-майдан тарта муниципалдык коомдук транспорт жүрө баштайт

Бишкекте 11-майдан тарта муниципалдык коомдук транспорт жүрө баштайт. Мэриянын маалыматына ылайык, автобус жана троллейбустар таңкы саат 7ден кечки 8ге чейин жүрөт.

 

Ошондой эле, транспортто расмий түрдө “Электрондук билеттештирүү” долбоору ишин баштайт. Белгилеп кетүүчү нерсе, маршруттук таксилер азырынча каттамга чыкпайт. Аларга адатта жүргүнчүлөр жык толгондуктан, коронавирус жайылышынынын коркунучу чоң.