Бишкекке Екатеринбургдан 225 кыргызстандык учуп келди.
Аталган учак менен Урал федералдык округунда окуган студенттер кайтарылды.
Мындан тышкары, Екатеринбург, Тюмень, Челябинск, Ханты-Мансийск,
Нижневартовск шаарларындагы кайтууга зарыл болгон мекендештер жеткирилди.
Чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды мекенге жеткирүү иштери тынымсыз жүрүп жатат.