Бишкектин сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү иштери уланууда

Бишкектин сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү иштери уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, Ала-Тоо аянтындагы жана Панфилов, Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилиштериндеги мыйзамсыз орнотулган 20дан ашык оюн жана жеңил конструкциялар алынды.

 

Ээлеринде уруксаат берүүчү документтери жок экени аныкталды. Бул жаатта иштер дагы уланат, — дешти мэриядан.