Ушул окуу жылынын аягына чейин мектеп окуучуларынан милдеттүү форма талап кылынбайт

Ушул окуу жылынын аягына чейин мектеп окуучуларынан милдеттүү форма талап кылынбайт. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, ошол эле учурда окуучуларга асты кара, үстү ак форма кийүү талабы коюлат.

 

Эске салсак, 9-марттан тарта Бишкек шаарындагы мектептерде башталгыч класстардын окуучулары кадимки тартипте, мектепке барып окуп баштайт.

 

Ага чейин 1-5-9-11-класстардын окуучулары парталарына кайткан.