Ош шаарында ун жарманкеси уюштурулат

Ош шаарында ун жарманкеси уюштурулат.

Бул тууралуу калаа мэриясынан билдиришти.

Каалоочулар Кулатов кичи районундагы борбордук ун базарына барса болот.

Товардын элге пайдалуу сатылуусун мэр Таалайбек Сарыбашов өзү

көзөмөлгө алат. Анда бир адамга 2 каптан ашык берилбейт. Бул чара

пайда көрүү максатында дүңүнөн сатып алууну көздөгөндөргө

чектөө коюу максатында. Белгилеп кетсек, Ошто ун алууга кезек

күткөндөрдүн саны көп экени жана  аны ала албай убара

болгондор бар экени айтылган.