Бишкектин Токтогул көчөсүндө жылуулук тармактарын оңдоо башталды. Мэриянын маалыматына ылайы, иштер анын Логвиненко-Тоголок Молдо көчөлөрүн камтыган тилкесинде жүрүп жатат.
Кайра калыбына келтирүү жумуштары 3-ноябрга чейин созулат. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.