Өкмөттүн курамы бир-эки айдын ичинде кайра каралышы мүмкүн

Өкмөттүн курамы бир-эки айдын ичинде кайра каралышы мүмкүн.

 

Бул тууралуу премьер-министр Садыр Жапаров жарыялады. Жаңы дайындалган өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн тартууланган өкмөттүн жаңы курамы шашылыш түзүлүп калды, андыктан, кийинчирек шашпай, ар бир ведомствого туура келген талапкерлер тандалып, зарыл болсо, ондоолор киргизилет.

 

Бийликтин башкы максаты – жумушка сабаттуу жаштарды алуу. Андан тышкары, мурдагыдай, “тааныш-билиштер” аркылуу өкмөткө ишке орноштуруу мүмкүн болбойт, — деди Жапаров.