Кыргызстанда апрелден бери миңден ашык жарандын ипотекалык насыясын төлөө мөөнөтү жылдырылды

Кыргызстанда апрелден бери миңден ашык жарандын ипотекалык насыясын төлөө мөөнөтү жылдырылды.

Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрайымы Элмира Абжапарова билдирди.

Анын айтымында, 42 миллион сомдук насыянын төлөө мөөнөтү узартылды.

Төлөө убактысын артка жылдыруу үчүн жарандар насыя алган банкка арыз бериши керек.

Андан кийин компания аны карап чыгат. Абжапарова кошумчалагандай,

Мамлекеттик ипотекалык компания 1-майдан тартып 2 жарым миңден ашык жарандын

насыя ченин бир пайызга азайтты. Жеңилдетүүлөр коронавирус пандемиясына байланыштуу.