Бишкектин жаңы конуштарында көчөлөрдү оңдоо уланууда

Бишкектин жаңы конуштарында көчөлөрдү оңдоо уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер Арча-Бешик, Ак-Ордо, Жеңиш, Ак-Босого, Эне-Сай, Ак-Тилек, Учкун жана Ынтымак конуштарында жүрүүдө.

 

Кайра калыбына келтирүү жолдорунун жалпы узундугу 26 чакырымды түзөт. Эске салсак, ремонттук иштер “Бишкек көчө тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүрүп жатат. Программа эки жылга эсептелип, анын алкагында 60 көчө оңдолот.